• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдөн дагы эки адам чөгүп кетти. Жол кырсыгынан ата-бала жабыркады Соңку жаңылыктар 23.07.18.

23 Теке 2018 15:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018.Govori.TV

Президент Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.“Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу” деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу катында.»Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот» деп кошчумчалаган президент.
Ысык-Көлдөн эки адам чөгүп кетти 
Кечээ, 22-июлда Ысык-Көл районунда жана Чолпон-Ата шаарында 2 адам көлгө чөгүп кетип каза болду, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы. Маалыматка караганда, кечээ саат 17:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы «Академия Наук» пансионатында 1981-жылы туулган Т.А. көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, маркумдун денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Иссык-Куль» пансионатында 1947-жылы туулган Ш.Т. көлгө чөгүп кетип каза болгон. Куткаруучулар маркумдун денесин көлдөн алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен
Жол кырсыгынан ата-бала жабыркады 
Сокулук районундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам, тактап айтканда ата-бала жабыркады.Болжолдуу маалыматтар боюнча, кечээ, 22-июлда саат 19:00 чамасында Сокулук суу сактагычынын аймагында кичи автобустун айдоочусу башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалган ата-бала — 1987-жылы туулган Т.С. менен 2014-жылы туулган Б.Б. райондук ооруканага жеткирилген. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда жол кырсык фактысы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 8