Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен юристти издөө иштерин токтотту. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, сууга чөккөн адамдын денесин издөө 5 күнгө созулганы менен жыйынтык чыккан эмес.
Маалыматта «Суучулдардын айтымында, дене калкып чыгып, көлдүн бир жээгине чыгышы же көлдүн ичинде катуу агымдар менен ары-бери айланып, агып жүрө бериши мүмкүн. Учурда көлдүн жээктеринде кайык менен издөө иштери улантылып жатат»-деп жазылат.
Маалым болгондой, сууга чөгүп кеткен жаран 41 жаштагы Александр Стручалин экендиги аныкталган. Ал юридикалык кызматта юрист болуп иштечү. 2016-жылы вице-премьер-министр Олег Панкратовдун коомдук башталыштагы кеңешчиси, Каракол шаарынын ишкерлер бирикмесинин төрагасы болгон. Ошондой эле, Каракол шаарында «Ишкерлердин укуктарын коргоо» коомдук бирикмесин жетектеп келген.
А.Стручалинди издөө иштери үчүн Россиянын аскер-деңиз флотунун «Кай-Сары» куткаруучулар базасынан куткаруучулары да келишкен.