• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын». Президент Кутманованын иши боюнча үн катты

24 Теке 2023 11:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, акыркы учурдагы коомдо актуалдуу болуп жаткан окуялардын айланасындагы суроолорго жооп берген.

Маекте Жапаров экс-министр Динара Кутманованын айланасында болуп жаткан маселелерге да токтолгон.

Журналисттин, «Мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголду, кармалды. Динара Кутманова убагында сизди «Кумтөр» маселесинде катуу колдоп, кийин сиз бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп, ишмердүүлүгүнө карата ар кандай пикирлер айтылып келди. Ага кылмыш иши козголду. «Баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып атышат»деп да чыкты. Ушул боюнча сиздин пикир кандай?», — деген суроосуна Жапаров төмөндөгүдөй жооп кайтарган:

«Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам «спектакль уюштуруп атышыптыр» дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. «Кумтөр» маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча «Кумтөрдөн» жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур»,- деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот», — дейт президент.

Эске салсак, 22-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Жаратылыш ресурстар министрлиги менен “Жаратылыш өнүктүрүү фонду” коомдук фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ким кармалганын жана экс-министр Динара Кутманова үй-бүлөсү менен ар кандай долбоорлордон миллиондогон каражатты мыйзамсыз короткону тууралуу маалымат тараткан.

Мындан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова уулу Кемелбек Стамбулда уурдалганын билдирген. Анын айтымында, алар кун катары 600 миң доллар талап кылышкан.

Бул арада ИИМ маалымат таратып, мурунку министр Динара Кутманованын уулу Кемелбектин Стамбулда уурдалышы боюнча факты тастыкталбаганын, учурда аны депортациялоо маселеси чечилип жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 90