«Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова депутат Султанбай Айжигитов фракция менен өзүнүн билдирүүсүн макулдашпастан, жеке оюн айтканын билдирип, фракция кезексиз жыйынга чогула турганын айтты.
Ашимованын айтымында, фракция кезексиз жыйынга чогулуп депутат Султанбай Айжигитов менен сүйлөшүү жүрөт.
Буга чейин Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимге комментарий берген болчу.