• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ыкчам штаб: Өзгөчө абал учурундагы укук бузуларга жоопкерчилик күчөтүлөт

3 Чын куран 2020 9:36 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал учурундагы укук бузуларга жоопкерчиликти күчөтүү каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат беришти. 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри ар бир кыргызстандык жакын адамынын жана коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин түшүнүүсү зарыл экенин белгиледи. 

«Жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими маалындагы талаптарды бузгандар, дары-дармектин наркын жогорулаткандар, такталбаган маалыматтарды тараткандар, коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар үчүн жаңы айыптар жана башка жоопкерчилик чаралары жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү керек. Бардык жарандар, өзгөчө обсервация жана карантиндегилер жоопкерчиликти билүүсү керек жана аны унутпашы зарыл», — деди Кубатбек Боронов.

Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими киргизилген учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, эгерде бул массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна алып келсе, II категорияда (2,5 жылдан 5 жылга чейин) эркинен ажыратуу түрүндө жазага алып келет.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 1191-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айыппул же 3 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратуу, же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бул берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген учурдагы талаптарды бузуу үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул, же 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратуу, 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган.  

Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекси 1271-берене менен толукталган, ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими шартында (карантин) чектөө эрежелеринин талабын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилет, бул үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейинки айыппул түрүндө жазалоо каралган. Өзгөчө кырдаал, же аскердик абал шартындагы ушундай жосун үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул салынат.

Бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 491-берене киргизилүүдө, анда өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө, же аскердик абал режими учурунда дары-дармекти жогорулатылган баада сатуусу үчүн жоопкерчилик каралган. Аталган бузуулар боюнча айыппул боюнча төлөтүп алуу физикалык жактар үчүн – 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар, же аскердик абал учурунда өздүктү күбөлөндүрүүчү документтерисиз, атайы берилген өткөрмөсүз көчөдө, же башка коомдук жайларда жүрүүсү үчүн 3 миң сом өлчөмүндө айыппул каралган.

Өзгөчө кырдаал, өзгөчө, же аскердик абал режимдери киргизилген жерлерде такталбаган маалыматты таркатуу жолу менен коомдук тартипти жана физикалык жактардын тынчтыгын бузуу аракеттери үчүн физикалык жактарга – 5,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом айыппул каралат.

Өзгөчө кырдаал, өзгөчө, же аскердик абал режимдери учурунда бааны мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азык-түлүктөргө карата баа өлчөмүнүн негизсиз жогорулатылышы физикалык жактар үчүн – 10 миң сом, юридикалык жактар үчүн 28 миң сом өлчөмүндөгү айыппулга алып келет.

Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарына, ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Дагы бир ирет коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча иш алып барып жаткан кызматтардын бардык кызматкерлери өз учурунда жана толук көлөмдө тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы тийиштиги баса белгиленди.

Количество просмотров: 116