• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ыкчам штабда иштеген кызматкерден коронавирус аныкталганы айтылды

13 Чын куран 2020 11:56 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Үсөнбаев аталган кызматкер республикалык масштабдагы саламаттыкты сактоо мекемесинде иштегенин айтты.

«Ал коронавирус жуктурду. Учурда ооруну кантип жуктуруп алганы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Кызматкер дарыланып жатат, биз ал кимдер менен байланышта болгонун тактадык. Кандайдыр бир коркунуч болсо, биз биринчи кезектеги эпидемияга каршы иш-чара уюштурмакпыз. Байланышта болгон адамдар текшерилди, оору аныкталган жок, байкоо жүргүзүлүп жатат», — деди министрдин орун басары.


Количество просмотров: 386