• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды

24 Кулжа 20209:09 Бишкек Govori.TV

Сырдарыя облусунун борбору Гулистан шаарында 23-июнда бир айлык ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды.

Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, адам сатуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери май айында төрөлгөн наристени сатууга аракет жасаган аялдарды кармашкан. Алардын бири баланын энеси, экинчиси, ага жардам берген аял болгон.

Бул факт боюнча тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 692