Колу кесилген ымыркайдын окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Govori.TVга Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«Аталган маселе боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул маселе министрдин көзөмөлүндө. Жыйынтыгында кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти министрликтен.
Буга чейин социалдык тармактарда Токтогулдук дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан жаңы төрөлгөн ымыркай колунан ажырады деген маалыматтар тараган.