• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ымыркайын 5000 долларга сатууга аракет кылган келин кармалды

24 Үчтүн айы 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Өзгөн районундагы төрөт үйүндө өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатууга аракет кылды деп 23 жаштагы келин кармалган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү милицияга өз баласын сатууга аракеттенип жаткан келин тууралуу маалымат келип түшкөн. Натыйжада тергөө иштери жүргүзүлүп, Ош ОИИБнын кызматкерлери тарабынан баланы сатууга аракет кылган 23 жаштагы келин жана ага көмөктөшүп жүргөн 45 жаштагы аял кармалган.

«Ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында кармалган жарандын бирөөсү эки баланын энеси экени маалым болгон. Ал эми наристени сатууга көмөктөштү делген 45 жаштагы аял буга чейин эки жолу соттолгону аныкталды. Алар баланы 5000 долларга сатуу үчүн соодалашып жаткан жеринен колго түшүрүлдү», — дейт Ош ОИИБнин басма сөз кызматкери Жеңиш Аширбаев.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалгандар 171-берене (адам сатуу) менен шектелип Кара-Суу РИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Баш коргоо чарасы каралып ымыркайдын энеси ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган ал эми ортомчу болгон А.Э эки айга камакка алынган.

Булак: oshportal.kg

Количество просмотров: 374