• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Ынтымак-Манас Ордосу». Жапаров жаңы Президенттик администрациясына ат тандады

18 Тогуздун айы 2023 11:33 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров буга чейин Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын билдирип, элден имаратка ат коюуга жардам сураган. Бүгүн, 18-октябрда Жапаров өз соцтармак баракчасы аркылуу билдирүү жазып, жаңы Президенттик администрациясынын аталышын тандагандыгын айтты.

Президент өз билдирүүсүндө жаңы имараттын атын «Ынтымак-Манас Ордосу» деп атоо туура боло турганын жазып, аны төмөндөгүдөй негиздеген.

«Сиздерге бир апта мурун курулушу бүтүп келаткан Президенттик Администрациянын имаратынын атын тандоо боюнча кеңеш сурап кайрылган элем. Талкууга жигердүү катышып, ар түрдүү варианттарды сунуштаганыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:

Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо.

Ынтымак Ордосу болсун деген сунуш жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, Ынтымак-Манас Ордосу десек ылайык болчудай.

Эмне үчүн Ынтымак?

Кыргызда бир уламыш кеп бар.

Кызыр алейхисаламдын эшигин каккылап биринчи Бакыт келет экен. Сен кимсин десе, “Бакытмын” дейт. “Аа, күтө тур деп, эшикке күттүрүп коет. Артынан эле Таалай келет. Аны да күттүрүп коет. Ырыс келет, Кут келет, Байлык келет, Бийлик келет, анан эң акырында Ынтымак келет.

“Ии, эми баарыңар чогуу киргиле!, — деп баарын киргизет.

Ошондо беркилер сурайт:

“Ээ Кызыр алейхисалам, эмнеге Ынтымак келгиче чейин баарыбызды күттүрүп койдунуз?”.

Кызыр алейхиссалам:

“Ынтымагыңар болбосо, бирөөңөр да ушул жерде олтурбайт элеңер. Баарыңар бириндеп,

бири-бириңди карабай, кирип-чыгып кете берет элеңер. Качан гана ынтымак болгондо баары болот. Араңарда ынтымак болбосо, ишиңер оңолбойт. Бириндеп, өзүңөр кошо жок болуп кетмексиңер”, — деген экен.

Чынында эле ынтымагыбыз бекем болсо, баардык ийгиликтер болот.

Ушул Ынтымак-Манас Ордобузда түбөлүк ынтымак орноп, келечекте дайыма элдин башын бириктирип турган, журт керегине жараган Манастай айкөл, баатыр уулдар чыгып турсун деп, эл сунуштаган Манас атабыздын атын дагы кошуп койсок ашыкча болбос

Ынтымак-Манас Ордобузда

«Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр алейхисалам болсун!»», — деп жазган Жапаров.

Ошондой эле президент эл тарабынан көп варианттар сунушталганын, алардын бир тобу окшош экенин кошумчалап, элден түшкөн 108 вариантты тизмектеген.

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышы боюнча сунушталган варианттардын тизмеси:

1. Асман ордо

2. Ариет

3. Асаба

4. Аалам конгресс-холл

5. Ак үй

6. Ак-Белес

7. Адилет үйү

8. Ата Журт ордосу

9. Акыйкат үйү

10. Ата ордо

11. Айкөл Ордо

12. Ак шумкар

13. Ажо Ордо

14. Ак Сарай

15. Акыл Ордо

16. Алп-Ордо

17. Алтын ордо

18. Арча-Бешик

19. Борбор

20. Багыт ордо

21. Барсбек ордо

22. Баш ордо

23. Баш өргөө

24. Береке ордо

25. Бетме-бет

26. Башкаруу Кеңеш Ордосу

27. Бий өргөө

28. Баш-Кент

29. Бишкек сарайы

30. Дөөлөт

31. Дөөлөт ордо

32. Даару Салам

33. Жаңы ордо

34. Жаңы турмуш

35. Жети ордо

36. Жетиген

37. Журт ордо

38. Инсан

39. «Исхак Раззаков» атындагы Президенттик Администрациясы

40. Кут ордо

41. Каган ордо

42. Каганат

43. Кыргыз каганаты

44. Калыс ордо

45. Кыргыз Сарай

46. Кең сарай

47. Кеңеш ордо

48. Коломто

49. Кыргыз ордо

50. Кут ордо

51. Кылым ордо

52. Кыргыз ордо

53. Кыргыз үй

54. Каганат Ордо

55. Кызмат Ордо

56. Манас ааламы

57. Мамлекеттик Кеңеш Ордосу

58. Манас

59. Манас-ата Ордосу

60. Манас ордо

61. Мекен ордо

62. Мекен үйү

63.Мурас ордо

64. Мыйзам ордо

65. Мыйзам үйү

66. Нур Кожо

67. Нур Манас

68. Нур ордо

69. Нур сарай

70. Оомат ордо

71. Ордо Билге

72. Ордо

73. Орто-Ордо

74. Оомат

75. Өстөн ордо

76. Өчпөс үмүт

77. Өкмөт үйү

78. Өкүмдар үйү

79. Өнүгүү Ордо

80. Ордолуу борбор

81. Өргөө

82. Пикир ордо

83. Президенттик Кеңеш Ордосу

84. Таш Рабат

85. Таш ордо

86. Түндүк ордо

87. Түндүк

88. Таза Ордо

89. Улут ордо

90. Улуу ордо

91. Урмат ордо

92. Хан ордо

93. Эл Ордо

94. Эгемен

95. Эгемен ордо

96. Эл үмүтү

97. Элдик Ордо

98. Эл сарай

99. Элдик Кеңеш Ордосу

100. Элдик Бийлик Ордосу

101. Ыйман Ордо

102. Ынтымак ордо

103. Ынтымак үйү

104. Ыйман үйү

105. Чындык ордо

106. Чеч-дөбө

107. Шаң сарай

108. Шаң ордо

Количество просмотров: 72