• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Ынтымак» «Сары-Өзөндү» караандатпай утуп, президенттин кубогун алды

31 Баш оона 2021 17:02 Бишкек Govori.TV

Таластын «Ынтымак» командасы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин жогорку лигасында чемпион болду. Финалда алар Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасын 7:0 эсебинде утуп алды.

«Ынтымак» командасы Нуржан Мелисбек уулунун таштаган 2 улагы, ал эми Нооруз Раатбек уулу менен Аудасбек Мырзабек уулунун тай казанга таштаган бирден улактары менен «Сары-Өзөндү» 4:0 эсебинде артка калтырды. 3-бөлүктө «Ынтымак» командасынын оюнчулары эсепти 7:0гө жеткирди.

Кечээ, 30-августта жогорку лиганын коло байгесине «Ала-Тоо» командасы ээ болгон.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу мелдеши жана ат оюндары өттү. Мелдештер 23-августтан 31-августка чейин уланды. 

Количество просмотров: 849