Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
YouTube видеосервиси 2019-жылдын август айынан тарта каналга катталуучулардын так санын көргөзбөй калат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда жайгаштырылган.
Маалыматка ылайык, ютуб каналга инстаграм социалдык тармагы сыяктуу катталуучулардын саны тегеректелип, мисалы 3 345 287 болсо, аны тегеректеп 3 миллион деп жазылып калат.
«Биз билебиз YouTubeдагы каналдардын негиздөөчүлөрүнө катталуучулар саны абдан маанилүү. Андыктан бул өзгөрүүлөр тууралуу алдын ала маалымат берип коюну туура көрдүк»,-деп айтылат маалыматта.