«Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 жыл мурда ушакчылардын, акыл үйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз ураган! Бирок биз ал күндөрдү Кудайдын сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы ал эки баламдын атасы! Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир! Урматтуу айымдар, эч кабатыр болбоңуздар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун! Күч бирдикте!» — деп жазды ырчы.