• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Таласта 25 жаштагы келинди бычактап кетти. Күйөөсү шектелүүдө

24 Аяк оона 2018 12:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Таластагы 25 жаштагы келинди бычактап кетти деген факты катталган. Буга анын жолдошу шектелүүдө. Бул туурасында ИИМ басма-сөз кызматынан билдирди.
“Күбөлөрдүн айтымында жаш келин, күйөөсү менен ажырашып кетип, 3 баласын балдар үйүнө өткөрүп берип койгон. Окуя болгон күнү күйөөсү менен чырдашып жатканын кошуналары көрүшкөн. Алардын айтымында күйөөсүнүн колунда бычактын издери калган”,-дейт басма сөз кызматынан.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Эске салсак, Талас облусунда 25 жаштагы келин белгисиз жаран тарабынан бычакталып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул окуя кечээ, 23-сентябрда болгон.
“Милиция кызматкерлерине каза болгон келиндин апасы кайрылган. Анын айтымында, кызын өзүнүн үйүнөн белгисиз жаран бычактап, ал алган жаракаттарынан улам каза болуп калган. Маркумдун үч баласы бар. Учурда бул кылмышка бир адам шектелүүдө. Бирок иликтөө иштери жаңы гана башталгандыктан дагы көп жагдайлар текшерилиши керек”, – деди маалымат катчы.
Маалыматта белгиленгендей, бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Количество просмотров: 16