• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстан ханбийкесинин мурдагы күйөөсү Швейцариядагы акчаны алууга аракеттенүүдө

18 Үчтүн айы 2019 18:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

АКШнын жараны, Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Мансур Максуди ажырашкан жубайынын Швейцария банкындагы эсеби жабылган акчанын бир бөлүгүн алууга умтулууда.

Бул тууралуу швейцариялык Der Bund басылмасы Максудинин интервьюсуна таянуу менен жазып чыкканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Швейцариялык басылманын жазганына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирдикте 800 миллион франктын 100 миллионун алууга умтулуп жатат.

Швейцариядагы банк эсептеринде турган мынчалык каражатты бул өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованы жана башка адамдарды арам акчаны адалдоого айыптоо менен 2012-жылы камакка алган.

Гүлнара Каримова Мансур Максудиге 1991-жылы турмушка чыгып, 2001-жылы ажырашкан.

Булак: “Азаттык”

Количество просмотров: 41