• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Оштун тургуну аялы мончодон кеч келгени үчүн, аны унаасына сүйрөткөн

19 Бирдин айы 2020 10:46 Бишкек Govori.TV

Оштун тургуну аялы мончодон кеч келгени үчүн, аны унаасына сүйрөткөн. Келин 16-февраль күнү саат 13:00дө мончого чыгып кетип, кечки саат 18:00дө кайткан. Кечиккенинин себебин дем алыш болгондуктан, унаалар аз жүрүп кичиавтобусту күтүүгө убакыт кеткенин билдирген.

Жолдон келе жатканда алдынан күйөөсү унаасы менен тосуп чыгып, машинасы менен сүзгөн. Андан соң унаасына сүйрөп аял жыгылып калганда, айдап кетип калган. Келин мончого бирге барган курбу кыздарын чакырып, алар жабырлануучуну ооруканага алып келишкен.

Учурда жабыркаган келин Ош шаардык ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында ал башынан жаракат алган.

Белгилүү болгондой аял буга чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келген. Ал жолдошу менен ажырашып кайра жарашышкан.

Ош ШИИБи бул фактыны КЖБРге каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 2206