Ырчы Аскат Мусабеков кыздуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, ырчынын жубайы бүгүн, 3-июль күнү шаардагы төрөтканалардын көз жарган. Эне-баланын абалы жакшы.
Мусабеков 2020- жылдын июнь айында ырчы Миргүл Асаналиева менен баш кошкон. Жарыкка келген наристе Аскат Мусабековдун үчүнчү перзенти. Буга чейин биринчи турмушунда кылкыякчы Залина Касымова экөөнүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.