• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ырчы, блогер, активист. Депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 80ден ашты

7 Тогуздун айы 202510:28 Бишкек Govori.TV

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз бергендердин саны 83кө талапкерге жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы жаңыланып турган маалыматка караганда, алардын катарында депутаттар, экс-министр, ишкер, блогер, ырчы жана активисттер бар.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат.

Саясий өнөктүк 30-ноябрда өтөт.

Количество просмотров: 449