• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ырчы Димаш Кудайберген кыргызбы? Атасынын жообу

8 Бирдин айы 2021 8:46 Бишкек Govori.TV

Казакстандык таланттуу ырчы Димаш Кудайбергендин тегине байланыштуу интернетте ар кандай имиштер айтылды. Казакстандык таланттуу ырчынын чындыгында кыргыздарга тиешеси барбы? Бул суроого, ырчынын атасы Канат Айтбаев жооп берген. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

“Чоң атам каза болгондо, менин атам Кудайберген тогуз гана жашта эле. Атабыздын мурасына берилген Аязбай чоң атабыз иниси Кудайбергенди тарбиялап, ага Барактын Тлеубай жана Жакайымдын Талпагынын бардык туугандары жана жакындары кам көрүшкөн. Менин атам Жакып менен Барактын уулу болуп чоңойгон. Кудайга шүгүр, азыр эки уул, бир кыздуу болдук. Ата-энебиз менен бирге  ​​жашайбыз. Ала-Тоонун коюунун мекендеген кыргыз улутуна эч кандай катышыбыз жок”, – деп билдирген ырчынын атасы Канат Айтбаев.

Количество просмотров: 558