Эстрада ырчысы Кудайберди Айтбосунов уулду болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Урматтуу менин жакындарым, достор. Бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам. Сүйүнчү! Кудайым буйруп уулду болдум. Алгач ата-энелерибизди неберелүү болушу менен куттуктайм , өмүрлүк жарым менин Айчүрөгүм сага рахмат, алмаштыргыс бакытымсың! Сүйөм сени», — деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Айтбосунов 2019-жылы сүйүктүүсүнө баш кошкон.