• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Ырчы Омар кыздуу болду

18 Бирдин айы 201917:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.

Ырчы Омар Жанышев кыздуу болду. Маалыматты ата статусуна ээ болгон Омар социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Белгилүү болгондой, ырчынын жубайы Диана 13-февралдын таңында көз жарган.

«Кудайга ыраазымын, бардык досторума, ата-энеме жана мени ата кылган сүйүктүү жарыма рахмат», — деп жазат ырчы. Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 56 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Бала жытына мас болуп турган үй-бүлө наристеге Арууке деген ысым ыйгарышкан.

Омар 2017-жылдын 2-декабрында борбордогу медициналык окуу жайда окуган Диана аттуу кызга баш кошкон.


Количество просмотров: 36