• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ырчы Самара Каримова директорлук кызматтан баш тартты

22 Үчтүн айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган кызматтан баш тартууга окуу жайдын коллективинин каршылыгы жана ортодогу интригалар себеп болгон.

 «Эли-журтумдун ак батасын албай кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм»,-деп жазган Каримова.

Эске салсак, Каримова менен жамааттын тиреши 14-январда башталган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда маалым болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак чыгып, ага милиция аралашкан. 18-январь күнү кечки саат жети-сегиз чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирген. Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Количество просмотров: 267