• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ырыс Жекшеналиев абакта калтырылды

10 Тогуздун айы 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-октябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узартты. Соттун чечимине ылайык Жекшеналиев 14-декабрга чейин абакта калтырылды.

Соттун чечиминен кийин сөз сүйлөгөн Жекшеналиев соттун темир тосмосун тепкилеп, нааразы пикирин айтып, «түрмө менен сындыра албайсыңар, түрмө тескерисинче күчтөнтөт. Түрмө менен эч кимди коркута албайсыңар» деди.

Сотко жеткирилген Ырыс Жекшеналиев журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берип, 2 айдан бери эч кандай тергөө болбогонун айткан болчу.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 114