• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ырыс Жекшеналиев: Тергөөчү той-ашта жүрөт

10 Тогуздун айы 202212:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-октябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карайт.

Ырыс Жекшеналиев сотко жеткирилди. Журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берген Жекшеналиев 2 айдан бери эч кандай тергөө болбогонун билдирип, «тергөөчү той-ашта жүрөт» деген пикирин айтты.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 348