• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Ата эс алуучу жайында чыр чыкты. Урушкандардын арасында милиционер бар

31 Бугу 2021 16:37 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата эс алуучу жайында чыр чыгып, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-май күнү Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата эс алуучу жайы тарабында чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда, бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыгып, алардын ичинен эки жаран д жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылган. Урушкандардын арасында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери болгону маалым болгон.

Учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Количество просмотров: 295