• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Атада бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды

26 Жетинин айы 2021 15:24 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрь күнү милицияга арыз менен Новопокровка айылынын тургуну 1988-жылы туулган Х.Т. кайрылган. Арызда белгисиз жаран анын үйүнүн эшигин талкалап кирип, жалпысынан 235 000 сом турган алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ш.Т., аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүштө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, уурдалган алтын буюмдарын өз калоосу менен кайтарып берген. Натыйжада шектүү адам Ысык-Ата районунда дагы 10 факты уурулукка катышы бар экендиги аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү кармочуу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 137