• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көл браконьерлик торлордон тазаланууда

19 Бугу 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл браконьерлик торлордон тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштеринин жүрүшүндө экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Тоң районунун Бөкөнбаев айылына жакын жердеги «Балыкзавод» участкасынан бир чакырымдай узундуктагы 10 браконьерлик тор алынды.

Мындан тышкары, ушул эле участкадан мыйзамсыз балык уулоо учурунда Төрт-Күл айылынын 40 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну кармалды. Андан 1 резина кайык, жалпы узундугу 350 метрди түзгөн 6 даана балык уулоочу тор жана 16 даана чабак балыгы алынды.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын жанынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен 40 жаштагы К.Э. жана 35 жаштагы О.Т. аттуу жергиликтүү тургундар кармалды. Алардан резина кайыгы жана мыйзамсыз кармалган 87 даана чабак балыгы далил зат катары алынды.

Аталган 2 факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо беренесинин менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Материалдык зыянды аныктоо максатында чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.

Рейддик иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 57