• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

“Ысык-Көл досторун чакырат-2022” Эл аралык этно-карнавалы өтүүдө

7 Теке 2022 12:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2022” XII Эл аралык этно-карнавалынын катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда министр балдарды этно-карнавалдын башталышы менен куттуктап, мамлекет ар бир баланын чыгармачыл өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп келгенин белгиледи.

“Биздин мамлекет ар бир баланын чыгармачыл өнүгүшүнө, өзүн эркин таанытууга, Мекенин сүйүү сезимин калыптандырууга, адеп-ахлактыкка жана чыныгы мекенчилдикке тарбиялоого чоң көңүл буруп келет. Этно-карнавал ар бир катышуучунун өз өлкөсүнүн тарыхын, каада- салтын жана маданиятын билүүсү, жалпы адамдык баалуулуктарды ардактоосу, ошону менен бирге башка өлкөлөрдүн элдеринин этно баалуулуктары менен ыр-бий, улуттук аспаптар аркылуу тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт”, — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Этно-карнавалга Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан 500дөн ашуун 9 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр чогулат. Быйыл аталган этно-карнавал КР Президентинин “2022-жылды тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында өткөрүлүп жатат.

“Ысык-Көл досторун чакырат-2022” XII Эл аралык этно-карнавалынынын программасында Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын чеберлери менен музыкалык көрсөтүүлөр, хореография, вокал, элдик аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар бар. Музыкалык топтор хореография, аспаптык ансамблдер, улуттук аспаптарда жекече аткаруу, вокалдык ырдоо сыяктуу номинациялар боюнча ат салышат. Бул жылы биринчи жолу “Театр искусствосу” номинациясында сынак өтөт. Ага ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттери кирген калыстар тобу сынактын катышуучуларынын чыгармачылыгын, эмгекчилдигин, аткаруучулук сапатын, сахна чеберчилигин баалайт.

Количество просмотров: 238