• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ысык-Көл облусу боюнча үй карантининде 430 адам бар

14 Бугу 202012:08 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусу боюнча үй карантининде 430 адам бар. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, 103 адам облустагы обсервацияларда жатат. Алсак, Каракол шаарында — 13, Ак-Суу районунда — 16, Ысык-Көл районунда — 2, Түп районунда — 6, Тоң районунда — 1, Жети-Өгүз районунда — 21 жана Балыкчы шаарында — 44.

«Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери облус боюнча коронавируска 1 миң 45 адамдан ПЦР-анализ алынган. Анын ичинен 12 адамда коронавирус аныкталган, ошондой эле 5 миң 323 адамдан экспресс-тест алынган, баарынын жыйынтыктары терс чыккан»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 212