• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ысык-Көл облусуна сегиз «Тез жардам» автоунаасы алынды

17 Чын куран 201917:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облустун «Тез жардам» кызматына сегиз даана автоунаа алып берди.

2018-жылы бул кызматтын автоунааларына тендер жарыяланып, аны «Элим Строй» компаниясы утуп алып, машинелерди Германиядан алып келген. Ага жалпысынан 7 миллион 400 миң сом сарпталган.

Алынып келген сегиз автоунаанын бири Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, экөө Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, бир автоунаа Жети-Өгүз райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна, Ак-Суу райондук дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна бир автоунаа, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасына бир автоунаа, Балыкчы шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа жана Ананьево айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна бир автоунаа берилди.

«Тез жардам» унааларын расмий тапшыруу салтанаты бүгүн, 17-апрель күнү Каракол шаарында болду. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. 

Количество просмотров: 15