Ысык-Көл облусунда саат 18:00гө карата 121 миң 82 шайлоочу, бул 39,3% ды түздү.
Маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунда 248 шайлоо участкалары ачылып, жигердүү шайлоо укугу бар жарандардын саны 307 786 адамды түзөт.
Эске салсак, өлкө аймагында саат 16:00гө карата жалпы 947 миң 614 жаран мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумга добуш берди.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шайлоочулардын саны жалпы тизмеден 26,59 пайызды түздү.