• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

31 Тогуздун айы 202417:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жол оңдоо иштери кызуу уланып, жол боюна аялдамалар орнотулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Турбаза-Ананьево-Көк-Дөбө унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Титулдук тизменин планына ылайык 3 км жол жасалат. Бүгүнкү күнгө карата 1,5 км жолго асфальт төшөлүп бүттү. Жол оңдоо иштери №7 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Ал эми Корумду айылындагы Үсейин Мамлеталиев жолуна 900 метр асфальт төшөө үчүн жолдун негизи даярдалып, №4 Жол тейлөө ишканасы жасап жаткан Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунда жол оңдоо иштери кызуу жүрүп, пландалган 6км 800 метр жолдун, 6,1 км жолго асфальт төшөлүп бүтүп, калганы аз убакыттын ичинде ишке берилиши күтүлдүүдө.

Белгилей кетсек, Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолунун боюнда аялдамалар орнотулуп жатат.

Количество просмотров: 203