Ысык-Көл облусунун эли гуманитардык жардам катарында Бишкек шаарына 100 тонна картошка жөнөттү. Бул тууралу облустук ыкчам штабы кабарлайт.
«Картошка борбор калаадагы муктаж жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көл облусунун жашоочулары тарабынан чогултулуп, бөлүштүрүү үчүн шаардык мэрияга өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.