• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ысык-Көл ОИИБ: Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды

18 Бештин айы 2020 14:57 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда КТРКнын түз эфиринде президенттикке талапкердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы түшүндүрмө иретинде төмөндөгүлөрдү билдирет:

«Кыргыз Республикасынын президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабынан, же болбосо тарапкерлеринен үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр, же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар келип түшүп жатат деген маалымат боюнча да арыздар менен кайрылышкан эмес. Бирок Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 149-беренесинин 1пунктун (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) жетекчиликке алып, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБдин Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды».

Количество просмотров: 299