Бишкек. 11.07.2019. Govori.TV
Ысык-Көл РИИБинин Тергөө кызматынын башчысы Жаныбек Мырзабаев Чолпон-Атадагы автокырсык боюнча маалымат берди. Ал учурда күбөлөр суралып, бүт жерден видео жазуулар чогултулуп жатканын айтты.
Мырзабаев окуя таңкы саат 4.30дар чамасында ипподромдун маңдайында болгонун билдирди.
«BMW X-7 унаасында айдоочу менен кошо үч адам, Lexus унаасында төрт адам болгон. Ал жолдун карама-каршы жагынан бурулуп жатканда BMW X-7 капталын сүзүп, жолдун четине чыгып кетишкен. Ипподромдун тегерегиндеги жана жаңы ачылган Social Coffeе кафесиндеги бардык видео жазууларды алдык. Видеодон таңкы саат 4.27де кафеден BMW X-7 унаасынын жүргүнчүлөрү чыгып, жашыл түстөгү свитер кийген киши унааны айдап кеткенин көрүүгө болот. Бул күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен да тастыкталды», — деди райондук тергөө кызматынын башчысы.
Ал ошондой эле жолтандабас кырсык болгонго чейин башка машина менен куушуп бараткан деген маалымат туура эмес экенин айтты.