• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көл жана Нарында бир катар кылмыштарга шектүү УКТ мүчөлөрү кармалды

20 Бирдин айы 2024 15:30 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмыштуулуктун өсүшүнө таасир болгон криминогендик факторлорду жок кылуу боюнча иштерди улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кылмыштуу топторду жоюу, алардын катышуучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу натыйжага жетишет.

Ички иштер органдары, тактап айтканда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы криминогендик факторлорду четтетүүгө, алсыздандырууга жана жок кылууга багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп турат.

Алсак, жыл башынан бери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан иштер жүргүзүлүп, төмөнкү фактылар боюнча ийгиликтер жаралды.

2023-жылдын жайында милиция кызматкерлерине К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун “Түтү”, “Умар”, “Беку” жана “Мурат” аттуу мүчөлөрү 2022-жылдын январь айынан баштап Бостери айылынын тургуну Н.А. аттуу жаранды коркутуп-үркүтүү жолу менен көл жээгинде жайгашкан 0,53 га жер тилкесин башка адамдын атына өткөзүп берүүгө мажбурлап жатканы белгилүү болгон.

КИББдин Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен бул кылмышка тиешеси бар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган У.Ж. аттуу жаран кармалып жана тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

2024-жылдын январь айынын аягында күндүзгү убакытта белгисиз адамдар Кант шаарынын тургунунун үйүнө кирип, ал жерден акча, алтын буюмдарды уурдап кетишкен. Жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян 2,46 млн сомду түзгөн.

Милициянын ыкчам кызматкерлери кылмышты жасаган адамдарды такташып, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон 1988-жылы туулган М. О. аттуу жаран жана анын жанында 1991-жылы туулган Т.У. аттуу жаран болгодугу аныкталды. Кармалгандар Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

2024-жылдын январь айында Кара-Балтанын тургунунун курулуш дүкөнүнө А.У. аттуу жаран келип, көп кабаттуу үй куруп жаткан курулуш фирмасына курулуш материалдарын сатууну убада кылып, жарым миллион сомдук товарларды алып качып кеткен.

ИИМдин КИББдин Ысык-Көл жана Нарын областы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1975-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, Жайыл райондук ИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

2022-жылдын январь айында А.Б. жана Ж. К. аттуу жарандар Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүндө жайгашкан жер тилкесин сатууну убада кылып, Ж.М. аттуу жарандан БМВ автомашинасын жана акча каражатын алып, бирок убадаларын аткарбай качып кетишкен.

ИИМдин КИББдин Ысык-Көл жана Нарын областы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1967-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбастан ИИМдин КИББДин Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери төмөнкүдөй алдын алуу чараларын да жүзөгө ашырышат: уюшкан кылмыштуу элементтерди жана алардын катышуучуларын табуу жана аларды каттоого алуу; алардын кылмыштарды жасоосун кыйындаткан же жокко чыгарган шарттарды түзүү; уюшкан топтор тарабынан даярдалып жана жасалып жаткан кылмыштарга бөгөт коюу; уюшкан топтордун лидерлерине алардын башка катышуучуларга тийгизген таасирин жокко чыгаруу жана кылмыштуу топту жоготуу максатында максаттуу таасир көрсөтүү.

Количество просмотров: 195