• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 109 адам обсервацияда жатат

28 Бугу 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда 109 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында 2 миң 809 обсервациялык орун дайындалган.

«Бүгүнкү күнү облуста 109 адам обсервацияда жатат. Алардын ичинен 44ү медицина кызматкери, 14ү милиция кызматкери. Калгандары байланышта болгон же чет жерден келген жарандар», — деди ал.

Осмоналиев үй карантининде болуп, анын шарттарын бузган жарандар тууралуу айтып берди. Маселен Россиядан келген 3 жаран үй карантинин бузгандыгы үчүн кечээ күнү обсервацияга жаткырылган. Аларга Бузуулар тууралуу кодекске ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

«Алар бир эле обсервацияга алынбастан үй карантинин бузгандыгы үчүн Бузуулар тууралуу кодекске ылайык жоопкерчиликке тартыларын алар билишет. Себеби, үй карантинине чыгып жатканда жарандардан тилкат алынып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деди ал.

Количество просмотров: 53