Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-август күнү саат 19:10 чамаларында Түп районунун, Жылуу-Булак айылынын Өмүр батыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
«Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 чамасында чектөөгө алынып, 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.