• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 1800 түк тоют күйдү

2 Жетинин айы 202211:43 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жеке турак үйдө 1800 түк тоют күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 00:10 чамаларында Теплоключенка айылынын Калинин көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосунда чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, өрттүн көлөмү чоң богондуктан кошумча Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган.

Өрт саат 2:08де чектөөгө алып, таңкы 6:38де толук өчүрүлгөн. Жалпы эки үйдөн өрт чыгып 1800 түк чөп, 180 чарчы метр сарайы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. ​ ​

Количество просмотров: 152