• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

16 Кулжа 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июнда Жолколот айылында болгон. Ал айылга бала апасы менен конокко келген.

Бала велосипед тээп жүрүп арыкка түшүп кеткен. Милициядан кошумчалашкандай, окуя Ак-Суу РИИБде катталып, териштирүү иштери журуп жатат.

Количество просмотров: 374