• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды

6 Чын куран 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

«Прокурордук текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук филиалы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.  2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган. 2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 000 000 сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 323