Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына эс алуу үчүн барган 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 27-майда саат 17:00 чамасында болгон. Анда жаран көлгө түшүп жаткан жеринен жок болуп кеткен.
Ошол эле күнү куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.