• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ысык-Көлдө 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

6 Бугу 201910:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМны басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында — 4,5 балл, Ыштык айылында — 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бактыга жараша жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 13