Ысык-Көлдө күйөөсү тарабынан сабалган аял милицияга арыз жазуудан баш тартты. Маалыматты Govori.TVга облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, “Радуга” пансионатында катталган окуя Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук маалымат журналына катталган.
«Жагдайды тактоо үчүн аймактык милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуяны тактоо учурунда аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин социалдык тармактарда пансионаттардын биринде күйөөсү балдарынын көзүнчө аялын сабаган видео тараган.