• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ысык-Көлдө аялды зордуктаган шектүү кайра камакка алынды

2 Баш оона 2023 12:19 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында аялды зордуктоого шектелген жаран кайра камакка алынды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөөчү тарабынан Ак-Суу райондук сотуна Б.Р. аттуу шектүүгө мурда тагылып жаткан айып Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна (Зордуктоо, өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон) өзгөртүлүп, айып оорлогонуна байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирилген. Сот өтүнүчтү карап, шектүүнүн үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөртүп, ал камакка алынган. Шектүү 27-сентябрга чейин камакта болот.

Жогорку сот буга чейин шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген Ак-Суу райондук сотунун судьясы А. Мойдунов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди.

Эске салсак, бир нече күн мурун социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тараган. Ал айылдашы унаага күч менен салып барып, зордуктап, чуңкурга ыргытып жибергенин айткан. Бул боюнча милицияга арыз жазылып, шектүү кармалган. Бирок сот шектүүнү үй камагына чыгарып жиберген.

Количество просмотров: 150