• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Ысык-Көлдө «Байрактарды» колдонуу менен тактикалык машыгуу өтүүдө

31 Жалган куран 2022 12:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта, «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин «Эдельвейс» окуу борборунун базасында өтүп жаткан машыгууга көз салууда.

Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.

Машыгуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары колдонулат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскерлери куралданган «Байрактар ТБ-2» сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.

Количество просмотров: 419