Ысык-Көлдө чачын шампунь менен жууган кызга 10 миң сом айып салынат. облустун экологиялык инспекциясынан билдиришкенин «Кабар» агенттиги жазды.
Маалым болгондой, кыздын өздүгүн тактоо үчүн мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар облустук милицияга жөнөтүлдү.
«Мыйзамга ылайык, кыз 10 миң сомдук административдик айыпка тартылат», — деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда кыздын көлдө чачын шампунь менен жууп жаткан видеосу тарап, кызуу талкуу жаратууда.