• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жарнаманы ката жазгандарга айып пул салуу сунушталды (видео)

23 Бугу 2018 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23. 05. 2018. Govori.TV

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн айып салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мында  демилгечилердин бири, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев  учурда жарнактар ката менен чыгып, мазмуну туура эмес жазылып жаткандыгын айтты.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору ишке кирсе, жарнактардын жазылышын жана мазмунун текшерген жергиликтүү бийликтерде атайын комиссия түзүлөт. Жарнама мыйзамын бузган жеке жактар 1000 сом, ал эми юридикалык жактар 5000 сомго чейин айып төлөшөт.

 

Количество просмотров: 42