• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жолдо кайыр сурап, жарамазан айткандарга айып салынат

28 Жалган куран 2023 16:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында “Кайырчы” аттуу рейд өткөрөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат.

«Жолдун кыймылдуу бөлүгүндө унаалардын кыймылына тоскоолдук жаратып жүргөндөр үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси менен 1000 сом көлөмүндө айып салынат»,-деп айтылат маалыматта.

Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алууга багытталганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 418