• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ысык-Көлдө дезинфекциялоо иштери уланууда

5 Теке 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигининбасма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунда жана Балыкчы, Каракол шаарларынын аймагында жарандар көп чогулган аймактарда дезинфекциялоо жумуштары жүргүзүлгөн.

«Облус боюнча 32 миң 500 погондук метр автоунаа жолу жана 35 100 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 4 техника жана 23 кызматкер тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 78